Мазмунга өтүү

Чатыркөл минералдуу суусу

Википедия дан

Чатыркөл минералдуу суусуНарын облусунун Ат-Башы районундагы дарылык касиети бар минералдуу муздак булактары. Чатыркөлдүн түштүк жээгинде деңиздеңгээлинен 3520,4 м бийиктикте жайгашкан. 1935-жылдан белгилүү 1952-54 жж. толук изилденип дарылык касиети химиялык составы аныкталган. Натыйжада 12 булак,4 көлмөчө,23 бургулоо көзөнөгүнөн жогору концентрациядагы көмүр кычкыл газдуу минералдлуу суу табылган. Суу силур мезгилинде пайда болгон акиташ жана кремнийлүү сланец тоо тектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолгон. Гидрокарбонат-кальций-магнийлүү. Микроэлементтерден стронций менен литий көп кездешет. Бөйрөк, ичеги карын ооруларына пайдалуу. Ал "Арашан" минералдуу суусу деген ат менен бөтөлкөлөргө куйулуштурулуп суусундук катары жергиликтүү соода тармактарына жана дарылоо мекемелерине чыгарылат.