Фарфор
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/20/Jean-Etienne_Liotard_09.jpg/220px-Jean-Etienne_Liotard_09.jpg)
Фарфор – ак түстөгү, жука катмары жарыкты өткөргөн, сууну жана газды өткөрбөгөн (сууну сиңирүү жөндөмдүүлүгү 0,5 % ) тыгыз керамикалык материал. Өтө майдаланган бышуучу ак топурак, каолин, кварц, талаа шпатынын аралашмаларын жогорку темп-рада күйгүзүү менен алынат. Коррозияга туруктуу химиялык аппараттар, электр жана радиотехникалык буюмдар, жогорку сапаттагы идиш-аяктар, көркөм-декоративдик, санитардык-техникалык жана курулуш буюмдарын жасоодо пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6