Туамоту
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/bd/AS07-04-1590.jpg/220px-AS07-04-1590.jpg)
Туамоту, Паумоту - Тынч океандын түштүк чыгыш бөлүгүндөгү 78 шуру аралдарынан жана рифтерден турган архипелаг.
Франция Полинезиясынын курамында. Аянты (Гамбье а. менен бирге) 810 км2. Эң ири аралдары - Рангироа жана Факарава. Климаты тропиктик, пассаттык. Ири аралдарында панданус, баньян өсөт. Кокос пальмасы, нан дарагы, банан өстүрүлөт. Мал чарбасы бар. Балык кармалат. Деңизден бермет чогултулат. Негизги шаары - Ротоава (Факарава аралында). Аралдарды 1606-ж. португалиялык деңиз саякатчысы П. Кирос ачкан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4