Мазмунга өтүү

Радионуклид

Википедия дан

Радионуклид, радиоактивдүү нуклид – радиоактивдүү ажыроого жөндөмдүү атом (атом ядросу). Ал табигый (биринчилик; калий-40, торий-232, уран-235, уран-238 ж. б.) жана табигый эмес жол менен (атом ядросунун бөлүнүүсүнөн келип чыккан; стронций-90, йод-131, криптон-85, цезий-137, плутоний-240 ж. б.) пайда болот. Табигый радионуклиддер бири-бири менен ген. айкалыштык аркылуу биригип, тийиштүү катарларды түзүп, аймактын радиациялык фонунун булагы катары саналат. Табигый эмес жол менен пайда болгондору ядролук реактор жана заряддалган элементтер тездеткичинен алынат. Радионуклид эл чарбасында, техникада, медицинада ж. б. кеңири колдонулат. Анын жардамы менен физиологиялык жана биохимиялык процесстер, чөйрөдөгү, жаныбарлардын, адамдын организминдеги химиялык элементтердин миграция закону изилденет. Радионуклиддин өлчөмү белгиленген деңгээлден жогору болсо, рак, нур оорусун пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]