Мазмунга өтүү

Нилот расасы

Википедия дан

Нилот расасычоң негроид расанын курамындагы өзгөчө антропологиялык тип. Борбордук жана Чыгыш Африканын саванналарында, Нилдин жогорку агымында — Түштүк Суданда, Угандада жана башка өлкөлөрдө таралган. Бул расанын өкүлдөрү планетанын эң узун жана кара терилүү адамдарынын катарына кирет. Бул тип нилот элдерине мүнөздүү. Нилот расасы судан тибиндеги негроид расасы менен эфиопиялык расанын белгилерин айкалыштырат. Россиялык антрополог В.В.Бунак нилот тибин өзүнчө раса катары караган.


Масаи улутундагы эркек.

Мүнөздүү өзгөчөлүктөрү:

  • Теринин өтө караңгы пигментациясы.
  • Абдан тармал кара чач.
  • Башка негроиддерге салыштырмалуу эриндер анча коюуланган эмес.
  • Бою узун. Эркектердин орточо бою 180 см. Ануак эркетердин орточо бою 177 см. Нуэр эркектердин орточо бою 185 см.
  • Кууш бет.
  • Башка негроиддерге салыштырмалуу прогнатизм азыраак.
  • Өтө узун дене түзүлүшү.
  • Буттары жана колдору узун.


Антропологдор нилот расасы негроиддердин эфиопиддер менен аралашуусунун натыйжасында келип чыккан деп эсептешет.
Ошондой эле, Чыгыш Африкада жашаган байыркы койсан калдыктары нилот расасынын калыптанышына катышкан деп эсептелет. Нилоттордун арасында койсан Y-гаплогруппасынын («‎А»‎) болушу жана койсандар менен физикалык окшоштугу (узун буттары жана колдору, арыктык) буга далил.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]