Никобар аралдары
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/73/Nicobar-eilanden-locatie.png/220px-Nicobar-eilanden-locatie.png)
Никобар аралдары — Инди океанынын түндүгүндөгү 19 аралдан турган аралдардын тобу Индиянын Андаман жана Никобар бириктеш аймагынын түштүк бөлүгүндө, Бенгал булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында.
Аянты 1,6 миң км2. Ири аралдары ― суу астындагы тоо кыркалардын чокулары (бийиктиги 642 м), чакандары ― кораллдар. Дайыма жашыл тропик токою, өскүлөң чөптүү шалбаа ээлейт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Балык, трепанг кармалат. Үлүл чогултулат.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7