Ниагара шаркыратмасы
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e0/Niagara_falls_aerial.id.jpg/220px-Niagara_falls_aerial.id.jpg)
Ниагара шаркыратмасы - (англ. Niagara Falls, ирокез тилинде ниакаре – катуу добуш, дүңгүрөө, шаркыроо) Түндүк Америкада, Ниагара дарыясында. Шаркыратма Козий аралы аркылуу экиге бөлүнөт; сол жагы Канадага тиешелүү (туурасы 800 м, бийиктиги 48 м). Эри көлүнөн агып чыккан суунун чыгымынын 95%ке жакыны агып өтөт; оң жагы АКШга таандык (туурасы 300 м, бийиктиги51 м). Канада жагында шаркыратманы айланып өткөн, кеме жүрүүгө ыңгайлуу Уэлленд каналы курулган. Туризм өнүккөн.
ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7