Мазмунга өтүү

Кина

Википедия дан
Кина  (кырг.)

Kina  (аңгл.)
Kina  (фр.)

100 кина 2 кина
100 кина 2 кина
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору PGK (598)
Символдор K
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Папуа-Жаңы Гвинея
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү Тойя (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20, 50 тойя, 1, 2, 5 жана 10 кина
Банкноттор 2, 5, 10, 20, 50, 100 кина
Тарыхы
Киргизүү этабы 19.04.1975—01.01.1976
Мурда колдонулган валюта Австралия доллары
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Папуа-Жаңы Гвинеянын банкы
www.bankpng.gov.pg
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
Кина Уикиказынада

Кина (белгиси: K; коду: PGK) — Папуа-Жаңы Гвинеянын улуттук валютасы[1]. 100 тойядан (англ. Toea) турат. Кина аталышы Токай аймагындагы куануа тилинен келип чыккан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Папуа-Жаңы Гвинея колония болуп турган жылдары, Германиянын Жаңы Гвинеясынын аймагында немис маркалары, ошондой эле 1894-жылы чыгарылган германиялык Жаңы Гвинея компаниясынын монеталары колдонулган[2]. 1899-жылы колониядагы бийлик империялык башкарууга өткөндө, бул монеталар жүгүртүүдөн алынып, ордуна жалпы мамлекеттик монеталар киргизилген. 1914-жылы казыналыктын ноталары марка валютасында чыгарылган.

Британиянын Папуа аймагында алгач британиянын фунту жүгүртүдө болгон. 1906-жылы 1-сентябрда Папуада жана 1914-жылы 12-сентябрда Жаңы Гвинеяда жүгүртүдө австралиялык фунт киргизилген, ал эми 1929-жылы пенс жана шиллинг Жаңы Гвинея аймагынын атайын монеталары чыгарылган жана 1945-жылга чейин чыгарылып турган[2].

Жапон оккупациясы учурунда Океания үчүн чыгарылган О сериясындагы 1/2, 1, 10 шиллинг жана 1 фунт стерлинг купюралары колдонулган. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Жаңы Гвинеяда австралия фунттары, 1966-жылдын 14-февралынан тартып австралия доллары расмий валюта болгон[2].

1975-жылы 19-апрелде Жаңы Гвинея көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, кина атылышындагы жаңы улуттук валюта чыгарылган. Австралия доллары 1976-жылдын 1-январында мыйзамдуу төлөм каражаты макамын жоготкон.

1985-жылдын апрелинде биринчи эстелик банкнот чыгарылган. 2007-жылы 19-апрелде 1 жана 2 тойя монеталары жүгүртүүдөн алынган.

Монеталар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүгүртүүдөгү монеталар:

  • 5 тойя
  • 10 тойя
  • 20 тойя
  • 50 тойя
  • 1 кина
  • 2 кина
  • 5 кина


Банкноттор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт Номинал
(кин)
Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү Чыгарылган күнү
Алдыңкы бети

(аверс)

Арткы бети

(реверс)

Алдыңкы бети [1] Арткы бети [2]
2 140×70 жашыл Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 2007
5 145×73 кызгылт көк Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 2008
10 150×75 көгүлтүр, кызгылт сары Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 2008
20 150×75 кызгылт, кызгылт сары Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 2007
50 150×75 кызгылт сары, сары Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 1999
100 жашыл, кызгылт сары Папуа-Жаңы Гвинеянын парламенти, Папуа-Жаңы Гвинеянын герби (кунда барабанында жана салтанаттуу найзада олтурган бейиш кушунун сүрөтү). 2005


Алмаштыруу курсунун режими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Базардагы курсу
Google Finance (.../PGK): KGS USD EUR GBP JPY CHF
Yahoo! Finance (.../PGK): KGS USD EUR GBP JPY CHF
XE.com (.../PGK): KGS USD EUR GBP JPY CHF
OANDA.com (.../PGK): KGS USD EUR GBP JPY CHF


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]