Мазмунга өтүү

Ирланд тили

Википедия дан

Ирланд тилиирланддардын тили. Ирландия мамлекетинин расмий эки тилинин бири. Улуу Британияда, Түндүк Ирландияга да таралган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-кылым.). Ирланд тили тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыркы, башкача айтканда огам мезгилине (4-кылымда башталган) огам жазуусу менен жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мезгилинде (6-кылымдын ортосунан, 5-кылымдын аягы – 6-кылымдын башында түзүлгөн латын графикасынын негизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-кылымдан баштап), мезгилинде байыркы ирланд жазуу эстеликтери менен катар көптөгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-кылымдан башталган). Ирланд тилинин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-кылымдын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]