Мазмунга өтүү

Идирис Айтбаев

Википедия дан
Идирис Айтибаев Абдусаттарович
Негизги маалымат
Туулган датасы

12 -январь 1985(1985-01-12) (39 жаш)

Туулган жери

Намуна, Анжыян облусу, Өзбек ССРи, СССР,

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

мугалим, төкмө акын, комузчу,аалым

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

дастан, айтыш

Активдүү жылдары

2014 — азыркы учурда

Альма-матер

Баатырлары Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек университети

Идирис Атабаев — Кыргызстандык төкмө акын, 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган. Төкмө акын бир канча тилде эркин төгө алат[1][2]. Алар кыргыз, казак, орус, англис, өзбек, түрк, араб, тилдери. Акын азыркы учурда Египеттин борбору Каир шаарында илим алып жатат

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Идирис Атабаев 1985-жылы 12-январда Өзбек ССРнин (Өзбекстандын) Анжыян облусуна караштуу Коргон-Төбө районундагы Намуна деген кыргыз айылында төрөлгөн[3]. Үй-бүлөдө 4 бир тууган, 2 уул, 2 кыз. Атасы жөнөкөй колхозчу, апасы мектепте пол жууп иштеген. СССР таркагандан кийин ачкачылык, оор заманды баштарынан өткөргөн[4]. Комузду, тоону теледен гана көрүп, "тоонун үстүндө бассам, комуз чертсем" деген тилек менен чоңойгон. 2003-жылы мектепти аяктап, Кыргызстандын Ош шаарына, Кыргыз-Өзбек университетине окуу үчүн көчүп келет. 3-курста окуп жатканда Кыргызстанда калууну чечет. Документтерин тапшырып, 6 жыл дегенде - 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган. Ошол эле жылы үйлөнөт.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Идирис Атамбаев 2005-жылы студент кезинде Ош шаарында биринчи жолу айтыш өтүп, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев сыяктуу төкмө акындардан алгачкы жолу эргүү алат. Ошондон тарта акындык өнөргө кызыгуусу пайда болот. Бирок, ага чейин деле калем шилтеп, жазма акын катары ырларды жаратып жүргөн. 2006-жылдан бери карай акындыкка өз алдынча аракет кылып даярдана баштайт. 2008-жылы окууну аяктап, Бишкекке жумуштап жумуш боюнча барып, устаты Жеңишбек Жумакадырдын үйүндө коноктоп, ал кишенден акыл-кеңеш, батасын алат.Көп өтпөй 2009-жылы Ошко жумуш табуу үчүн кайра кайтат. 2014-жылы Ош шаарында «Диалог» платформасы уюштурган эл аралык казак-кыргыз айтышына катышып, биринчи жолу сахнанын айтыш аренасында өнөрүн тартуулайт.

Идирис Атабаев 2017-жылы Казакстандык акын Айбек Калиев менен айтышуу учурунда бир канча тилде төккөн. 6 тилде төгүү маселеси коомчулукта чоң резонанс жаратып, кайчы сын-пикир айткандар болгон.

«Башка тилде төгүү маселесин тарых бетин барактап отуруп кезиктирдим. Токтогул атабыздын Сибирде орусча төгүп, Андижан аралап келе жаткан кезде өзбекче төгүп ырдаганы тарых бетинде калган. Кесибим -англис тили мугалими. Мындан улам, өзүм билген тилдерди кошуп орусча, өзбекче, түркчө, англисче, казакча кошуп төгүп койдум. Чынында бул төкмөлүк өнөрдө жаңылык эмес. Муну буга чейинки улуу аталарыбыз жасап келген»
Идирис Атабаев[2].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]