Жаңы-Базар (кырг.Жаңы-Базар) — Жалал-Абад облусунунЧаткал районундагыкыштак. Чаткал айыл округунун борбору. 1985-жылы чейин райондун борбору. Чаткал суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1480 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каныш-Кыя кыштагынан 25 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 362 км. Калкы 2148 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто жана башталгыч мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, мейманкана, оорукана (бейтапканасы менен), дарыкана, мечит иштейт. Беш-Арал коругунун администрациясы да ушул кыштакта жайгашкан. Кыштакка жакын Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү сакталган.[1]