Гронинген университети
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/df/Overzicht_van_de_voorgevel_met_ingangspartij_en_bordestrap%2C_fietsers%2C_fietsenstalling_en_drukbezet_terras_op_de_voorgrond_-_Groningen_-_20416142_-_RCE.jpg/220px-Overzicht_van_de_voorgevel_met_ingangspartij_en_bordestrap%2C_fietsers%2C_fietsenstalling_en_drukbezet_terras_op_de_voorgrond_-_Groningen_-_20416142_-_RCE.jpg)
Гронинген университети (англ. University of Groningen; нидерл. Rijksuniversiteit Groningen; RUG; ГУ деп кыскартылат) - Нидерландыдагы Гронинген шаарында жайгашкан коомдук изилдөө университети болуп саналат. Университет 1614-жылы негизделген. Ал Нидерландыда эң байыркы жана ири жогорку окуу жайларынын бири. Анын ачылган күнүнөн тартып жалпы 200000 студент бүтүргөн. Ал Коимбра Европалык университеттер тобунун мүчөсү болуп саналат.
2013-жылы эл аралык студенттер барометринин жыйынтыгы боюнча, Гронинген университети үчүнчү жолу Нидерландыдагы эң мыкты университети деп белгиленген. 2014-жылы университет өзүнүн 400 жылдык мааракесин белгиледи.
Гронинген университетинде он факультети, тогуз бүтүрүү мектептери, 27 илимий-изилдөө борборлору жана институттары, жана ошондой эле 175 даражалык программалары бар.