Бастилия
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/4e/Prise_de_la_Bastille.jpg/220px-Prise_de_la_Bastille.jpg)
Бастилия - 1370-82-ж. Парижде курулган чеп. 15-кылымдан баштап ал чеп гана эмес, мамлекеттик түрмөнүн да милдетин аткарган. 16-кылымдын аягынан тартып көбүнчө саясий күнөөкөрлөр отургузулган. Вольтер анда 2 жолу камалган. Француз революциясынын жүрүшүндө абсолютизмдин символу болгон Бастилияны көтөрүлүшчүлөр басып алган (1789-ж. 14-июль) жана чеп бир жылдан кийин бузулган. Бул француз революциясынын башталышы болгон. Бастилияны алган күн 14-июль Франциянын улуттук майрамы катары 1880-жылдан белгиленет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4