Мазмунга өтүү

Аэросъёмка

Википедия дан

Аэросъёмка, аэрофотосъёмка учуучу аппараттардан Жер бетин сүрөткө түшүрүү (оптикалык спектрдин бардык диапазонунда). Пландуу жана перспективдүү, ошондой эле фотографиялык, телевизордук, жылуулук, радиолокациялык жана зоналуу аэросъёмкаларга бөлүнөт. Аэросъёмканын материалдары - аэросүрөттөр, фотосхемалар, фотопландар геодезиялык, геологиялык жана инженердик изилдөөлөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1