Алгы
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/26/Fritillaria_sewerzowii.jpg/170px-Fritillaria_sewerzowii.jpg)
Алгы (Korolkovia severtzovi) — лилия гүлдүүлөр тукумундагы, көп жылдык өсүмдүк.
Пиязтүбү тоголок, эни 5 ст. Сабагы жоон, уз. 20-60 cм, жогору жагы жалбырактуу, жалбырактары учсуз, жыланач, калын, сабагына оролуп, кезектешип жайгашат. Гүлдөрү анча көп эмес, кызгылтым күрөң түстө. Мөмөсү кутуча, туурасы 3—5 cм, апрель-май айларында гүлдөйт. Чополуу бөксө тоолордун беттеринде өсөт. Кыргыз Алатоосунун түштүк тармактарында, Талас, Алай, Чаткал кырка тоолорунда кездешет.
Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4