Айдын тутулушу
Appearance
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d1/Lunar_eclipse.svg/220px-Lunar_eclipse.svg.png)
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/74/Moon_eclipse.jpg/220px-Moon_eclipse.jpg)
Айдын тутулушу – Айдын Жердин көлөкөсүндө калган кездеги көрүнүшү.
Ай толук бойдон же жарым жартылай Жердин көлөкөсүнө капталып калганда тутулат. Күндүн нуру Жердин атмосферасында сынгандыктан, тутулуунун чоң фазасында Ай кызгылт-күрөң түстө болуп көрүнөт. Айдын толук тутулуу фазасы 1 саат 40 минутага созулат, анткени Жердин көлөкөсү Айдын диаметринен чоң. Ай тутулуу жыл сайын болуп турушу ыктымал.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2