Жузеппе Кастильоне
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/eb/The_Pine%2C_Hawk_and_Glossy_Ganoderma.jpg/170px-The_Pine%2C_Hawk_and_Glossy_Ganoderma.jpg)
Жузеппе Кастильоне (италиялыкча Giuseppe Castiglione; кытайча ысымы 郎世寧; транскрипцияланганда “Лаң Шиниң) (1688-жылдын 19-июлунда туулган – 1766-жылдын 17-июлунда өлгөн) – италиялык миссионер жана Кытайдын Цин императорунун аксарай сүрөтчүсү. Ал Кытайдын манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жаткан учурду сүрөткө тарткан.
Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жузеппе Кастильоне 1688-жылы 19-июлда италиялык Милан шаарынын Сан Марчеллино (San Marcellino) бөлүгүндө туулган.
Бала чагында Bottega degli Stampatori аттуу сүрөтчүлүк студия-мектебинде окуган.
1709-жылы иезуит агымына кирген.
Кытайдагы турмушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1715-жылы Кытайга - Ыраакы Чыгышка иезуиттердин миссионери катары сапарга аттанган.
Кытайда ал “Лаң Шиниң” ( 郎世寧) ысымын алган.
Анын сүрөтчүлүк талантын жогору баалаган Цин сулалесинин императору Цяньлун (Qianlong, 1711-1799) бул италиялык өнөрпозго Бээжиндеги Юаньминъюань багында батыш стилинде аксарай куруу ишин тапшырган.
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d1/Qianlong_Horse.jpg/220px-Qianlong_Horse.jpg)
Бул сүрөтчү императордун жана анын канышасынын сүрөттөрүн да тарткан. Бирок кытайлык көркөм өнөр салтына ылайык ал императордун сүрөттөгү жүзүн көлөкөсү жок кылып тартууга тийиш болгон.
Ал Кытайдын цин-манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жатканын сүрөткө тарткан.
Жузеппе Кастильоне 1766-жылы 17-июлда Бээжинде каза болгон.
Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кастильоненин калеминин таасири астында Кытайдын ак сарай сүрөтчүлөрү батыш сүрөтчүлүк өнөрүнүн элементтерин өздөштүрө баштаган.
Кытай менен Европанын сүрөтчүлүк өнөрүн айкалыштырган жаңы салт калыптана баштаган.
Эстутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]
![](http://chped.net/https/upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/d4/The_Qianlong_Emperor_in_Ceremonial_Armour_on_Horseback.jpg/170px-The_Qianlong_Emperor_in_Ceremonial_Armour_on_Horseback.jpg)
2005-жылы Кастильоненин өмүрү тууралуу сыналгы сериясы көрсөтүлгөн.
Канаданын теги кытайлык актеру Дашан (Марк Роусвелл / Mark Rowswell) башкы ролдо ойногон бул “Аксарай сүрөтчүсү” (Palace Artist) аталган тасма Кытай борбордук сыналгы каналы (CCTV) тарабынан көрсөтүлгөн.
Сүрөт галереясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
-
Император Цяньлун
-
Каныша Цзяо Цзян
Кастильоненин сүрөт тартуу ыкмасы европалык техниканы салттык кытайлык сюжеттерди тартууга колдонгону менен айырмаланган.
Чакан адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. (ISBN 9967-00-001-5). – 160 бет.
- Yang Xin, Rihard M. Branhart, Nie Chongzheng, James Cahill, Lang Shaojun, Wu Hung. Three Thousands Years of Chinese Paintings. - Yale University Press. – Бети 282-285. – ISBN 978-0-300-07013-2.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6.
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
- Непомнин О.Е. История Китая: Эпоха Цин. XVII – начало XX века. М.: Восточная литература, 2005. ISBN 5-02-018400-4
- Roland Kanz: Giuseppe Castiglione. In: Allgemeines Künstler-Lexikon. Die Bildenden Künstler aller Zeiten und Völker. Band 17. Saur, München und Leipzig 1997, ISBN 3-598-22757-4, S. 226.
- LOEHR, G.R.: Giuseppe Castiglione, pittore de corte, Roma, 1940.
- ZORATTO, B.: G. Castiglione: pittore italiano alla corte imperiale cinese, Fassano di Puglia, 1994.
- BEURDELEY; M.: Peintres Jésuites en Chine au XVIIIe siècle, Éditions Anthèse, Paris, 1997.
- CARTIER Michel (ed): Giusepe Castiglione dit Land Shining (1688-1766), Editions Favre, Lausanne, 2004.
- Michèle Pirazzoli-T’Serstevens, Giuseppe Castiglione (1688-1766) Peintre et architecte à la cour de Chine, Thalia Édition, Paris, 2007 Page consacrée à Giuseppe Castiglione
Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Жузеппе Кастильоне (Giuseppe Castiglione) тарткан сүрөттөр Archived 2012-11-12 at the Wayback Machine
- Кыргыз элчиси Бээжинде аргымак тартуулоодо
- http://www.britannica.com/eb/
- http://interpretive.ru/dictionary/ Archived 2010-02-21 at the Wayback Machine
- http://vse-znat.ru/drevnie_tsivilizatsii/ Archived 2016-03-04 at the Wayback Machine